Сел жүрүү коркунучу бар жерлерге 63 миң көчөт отургузулат

Коом

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги “Жашыл долбоор” долбоорунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эрозияга каршы жана сел жүрүүгө кооптуу жерлерге бак отургузуу үчүн 63 миң көчөт берди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген көчөттөрдүн арасында ак кайың, терек, кара жыгач, өрүк, тал, бадам, мисте, жаңгак, алма, жапайы алча жана башка түр бактар бар.