Сары-Кыр ашуусунда кар көчкү түштү

Аймак


Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. 5-июндан 6-июнга караган түнү Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жол кызматтары жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү тууралуу маалымат жок.