Санжар Муканбетов экономика министри болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.