Бишкек, 23.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Санкт-Петербургда автобустун алдында калып каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүшөт. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургдун тиешелүү органдары 19-январда автобусту оңдоо учурундагы кокустуктан 1980-жылы туулган КРдин “И.Д.К.”, аттуу жараны каза болгон фактысын тастыктады.
“Керек болсо КР элчилигинин канцеляриясы маркумдун туургандарына “жүк-200” жөнөтүүдө жардам берет”,-деп билдиришти элчиликтин басма сөз кызматынан.
Эске сала кетсек, 19-январда Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны 37 жаштагы айдоочу автобусту домкраттын жардам менен автобусту көтөрүп алып оңдоп жаткан. Натыйжада кыргыз жаранын автобус басып калган. Алган жаракатынан улам ал окуя болгон жерден каза болгон.