Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Улуттук банк санарип валюталары менен алдамчылык операцияларды алдын алуу максатында, санарип сом азырынча ишке киргизиле электигин жана учурда мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгынэскертти.
Банктан билдиришкендей, учурда Улуттук банк санарип сом үчүн платформа тандоо стадиясында турат, ошондой эле улуттук санарип валюта – санарип сомдун укуктук статусу боюнча мыйзам долбоорлорун илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү 2027-жылдын 1-январынан белгиленген.
"Мындан улам, Улуттук банк жарандарды сак болууга, санарип сом тууралуу жалган маалыматтарды, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер аркылуу таратылган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий