• 87.45
  • 97.93
  • 1.09

Самаркандек айылындагы оорукананын курулушу быйыл аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Баткен районунун Самаркандек айылындагы оорукананын курулуш иштери быйыл аяктайт.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдиргендей, 75 орунга ылайыкташкан оорукананын курулуш иштери үчүн президенттин фондунан каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуунун негизинде аталган ооруканын курулушу жабыркаган объектилердин арасына кирет.

Пикир

Оставить комментарий