Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Бүгүнкү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунда 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышууда.
Салык кызматынан билдиришкендей, лотереянын катышуучулары "Салык чек" тиркемеси аркылуу 19,2 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.
Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бир бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 смартфон, 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.
Утуш бүгүн 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Түз эфирге кошулуңуз. Лотереяны онлайн режиминде көрүү жана бактылуу байге ээлеринин аттарын билүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.