Салык кызматы: Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту 1-июлга чейин берүүгө болот

Экономика

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги токтомуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берүүгө укуктуу. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

МСКдан билдиришкендей, ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрун кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум эсептелбейт.

Бул чаралар коронавирустун өлкөдө жайылышын болтурбоо боюнча чектөө чараларын киргизүүнүн натыйжасында экономикалык иштин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.