Салттуу ушу боюнча КР курама командасы “Москва жылдыздары – 2017” эл аралык турнирде 5 алтын медаль жеңип алышты

Спорт

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Салттуу ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы Россиянын Москва шаарында 17-22-февралда өткөн “Москва жылдыздары – 2017” ушу боюнча эл аралык турнирден кайтып келишти. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт мамагенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, КР Салттуу ушу федрациясынын вице-президенти Наталья Нещереттин жетекчилигинде Кыргызстандын 5 спортчусу турнирдин программасынын 9 түрү боюнча күч сынашып, 5 алтын, 1 күмүш медаль жеңип алышты. Команданын курамына “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун ушучулары кирген.

Турнирге Россия, Кытай, Франция, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Грузия, Латвия ж.б. 20 өлкөдөн 800 спортчу катышкан.