КР саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 04.06.22./Кабар/. КР саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «КР министрлер кабинети жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, КР саламаттык сактоо министринин орун басары – КР башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп Бүбүжан Арыкбаева, ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Жаркынбек Касымбеков дайындалды.

Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.