• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий