Сак бол жолоочу! Бишкек — Ош жолунда таштар кулоодо

Коом

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда кооптуу абал түзүлгөнүн эскертет.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кар жана жамгыр жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Бишкек — Ош унаа жолунун 315-чакырымынан 427-чакырымына чейинки аралыгында таштардын жана кумдардын жолго кулап түшүүсү катталууда.

"Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү өлкө аймагындагы жолдордун кырдаалын көзөмөлдөп, жеринен тийиштүү иштерди алып барууда. Азыркы учурда өлкө аймагындагы жолдор ачык жана эч кандай чектөөлөр жок.