Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды

Укук тартиби


Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды. Аталган маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

“2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде Кыргызстандын жарандары Марат Казакбаев жана М.Т. кармалышты”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.

Материалдар улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан кылмыш иш жашыруун болмокчу.