Садыр Жапаровдун Баткен облусуна иш сапары жыйынтыкталды — фоторепортаж

Президент

Бишкек, 21.03.22./Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Баткен облусуна 20-21-март күндөрү болгон иш сапары жыйынтыкталды.

Мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышты.

Садыр Жапаров ошол эле күнү Нооруз майрамына арналган байыркы салт болгон сүмөлөк даярдоого катышты.

21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров салтанатта сөз сүйлөп, жалпы кыргызстандыктарды жаз майрамы менен куттуктап, мекендештерине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Иш сапарын аяктап, мамлекет башчы Бишкек шаарына кайтып келди.