Садыр Жапаров "Шуша" жаңы турак жай комплексине барды

Президент

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, Азербайжан иш сапарынын алкагында "Шуша" жаңы турак жай комплексине барды.

Объекттин курулушу 8 гектар жер аянтында жүргүзүлүп, көчүп келгендерге арналган 23 имараттан турат.

Андан соң Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте Шуша шаарынын курулуп жаткан борбордук мечитин, ошондой эле шаардын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында имараттар жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты.