Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.