Садыр Жапаров: Өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн жаңы доору башталды

Коом


Бүгүн өлкө үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учурлардын бири болду. Себеби, дал ушул күнү Чүй облусунун Кемин районунда өлкөдөгү эң ири завод "Терек-Таш" клинкер ишканасы ачылды. Муну менен бирге дагы 99 обьекттин ачылышына старт берилип, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчы алгач Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин курулушун белгилеп, тарыхка учкай токтолду. Ошондой эле өмүрүн тобокелге салып Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзгөн аталарды эскерип, өлкөнүн жетишкендиктерин белгиледи.

Атай кетсек, Кеминдеги "Терек-Таш" клинкер заводун куруу долбоору 2022-жылы башталып, анын сметалык баасы 160 млн долларды түзгөн. Долбоордун уникалдуулугу - экологиялык жактан бардык талаптар сакталган. Заводдун кубаттуулугу жылына 1 млн 200 миң тонна клинкер чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.