Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди.
Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.