Садыр Жапаров иш сапары менен Москва шаарына келди

Президент

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россиянын Москва шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту "Внуково-2" эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.