Сүрөтчү Жаналиев мык жана жиптин жардам менен хоккейчи Овечкиндин сүрөтүн тартты

Коом

Бишкек, 14.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык Азамат Жаналиев россиялык белгилүү хоккейчи Александр Овечкиндин сүрөтүн мык жана жиптин жардамы менен тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Жаналиевдин сүрөттөрүн Бишкектеги “ГУМ” соода борборунун 2-кабатынан көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, мурда жаш хоккейчи Нуртемир Сулайманов видео жарыялап, анда легендарлуу хоккейчи Овечкин менен жолугушууну эңсеп жүргөндүгүн билдирген. Жаналиев ага жардам берүүнү чечип, сүрөт тарткан.