Сүлүктүдө шахта урап, бир адам изделүүдө

Кырсык

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 22-декабрда саат 10:40та "Ашымбай" шахтасы урап, эркек киши (аты-жөнү такталууда) шахтада калып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык болгон жерге 16 куткаруучу тартылган.

Учурда издөө иштери улантылууда.