• 87.45
  • 97.93
  • 1.09

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун Бишкектеги №2 төрөт үйүндө үч эм — үч кыз төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар 33 жумалык болуп төрөлгөн. Кыздардын салмагы 2 кг 140 гр, 1 кг 940 гр жана 1 кг 545 гр.

Эне 26 жашта жана бул анын үчүнчү төрөтү. Үй-бүлөдө үч бала бар.

"Бүгүнкү күндө алар реанимация бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий