Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.