Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаев Рыскелди Жусупович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.