"РСК" Банкы Кыргызстандын аймагында акча которууларды убактылуу сом менен гана жүргүзөт

Экономика

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. "РСК" Банкы Кыргызстандын аймагында акча которууларды убактылуу сом менен гана жүргүзөт.

Банктан билдиришкендей, эреже убактылуу киргизилди. Ошондой эле акча которуу системаларынын иштөөсүндө дагы эки эреже бар:

  • которулган акчаларды берүү жөнөтүүчүнүн-өлкөнүн акчасында (валютасында) же банктын нак акча алмашуу курсу боюнча алмаштыруу (конвертациялоо) менен улуттук акчада жүзөгө ашырылат;
  • банк эсебине, банктык төлөм картага же электрондук капчыкка келип түшкөн же болбосо алар аркылуу чегерилген эл аралык акча которууларды алмашуу (конвертациялоо) нак эмес акча операциялар курсу боюнча жүзөгө ашырылат.