Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Россияда жүргөн кыргызстандыктарга легалдаштыруунун тартиби түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтен эскертишкендей, 2024-жылдын 30-декабрында Россияда чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейинки мезгилде өзүнүн укуктук статусун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген РФ президентинин жарлыгына кол коюлган.
Ушуга байланыштуу Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү өлкөдө мыйзамсыз жүргөн КР жарандарын маалымдоо боюнча ишти активдештирди. Кыргызстандыктар массалык түрдө жашаган жерлерге баруу жана диаспоралык уюмдар менен жолугушуу графигин камтыган атайын план иштелип чыкты. Бул иш-чаралардын негизги максаты – мыйзамдаштыруу жана укуктук статусту жөнгө салуу тартибин түшүндүрүү.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн эскертмелер даярдалып, популярдуу WhatsApp жана Telegram группаларда жайгаштырылды. Эскертүүлөр мыйзамдаштыруу үчүн зарыл болгон кадамдар, Россия мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөр жана талаптар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Жакын арада Россиянын ыйгарым укуктуу органдары менен жолугушуулар пландаштырылып, анда Россиянын президентинин жарлыгын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулоо жана мыйзамдаштыруу жол-жобосун тактоо пландаштырылууда.
КР Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууну каалаган жарандарга колдоо көрсөтүүнү улантууда.
Пикир
Оставить комментарий