Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык 6 бала мекенине кайтарылды

Коом

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. 2022-жылы 15-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте РФда ата-энесинин камкордугусуз калган КРн жараны болгон 6 бала мекенине кайтарды.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, элчилик РФнын компетенттүү органдары менен балдарды репатриациялоону макулдашуу жол-жобосун жүргүзүп, алардын мекенине кайтып келүү процесси үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.

Элчилик Россияда Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантат.