• 87.45
  • 101.67
  • 1.12

Режеп Тайып Эрдоган "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине гүлчамбар койду

Коом 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде гүлчамбар койду.

Түркиянын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү. Алар 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорду эскеришти.

Ошондой эле Түркиянын президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди.

Пикир

Оставить комментарий