Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылындагы бала бакчанын имаратынын пайдубалына капсула салуу салтанатына катышты.
34 орунга эсептелген бала бакчанын курулушуна 20 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Бүгүнкү күнү объектте жер казуу иштери жүрүп жатат.