• 87.41
  • 100.37
  • 1.11

"ПСЖ" Мбаппеге жылына 32 миллион евро төлөй турган 5 жылдык келишим сунуштоодо

Спорт 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Франциялык "ПСЖ" клубу өзүнүн чабуулчусу Килиан Мбаппе менен болгон келишимди узартууга кызыкдар. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Франциялык клубдун жетекчиси 21 жаштагы оюнчуга жылына 32 миллион евро төлөй турган 5 жылдык келишим сунуштоодо.

Мбаппенин учурдагы келишими 2022-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Килиан Мбаппе футбол боюнча Франциянын биринчилигинде 12 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий