Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Башкы прокуратурада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттын жүрүшүндө башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын 2021-жылдын 9 айына карата жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, кызматтык милдеттерин артыкчылык менен аткарган кызматкерлерди сыйлады.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутат Элмурза Сатыбалдиев жана прокуратура органдарынын ардагерлери катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, жалпы прокуратура кызматкерлери майрамы менен куттуктады.