Пригородныйдагы абал: Аялдарга премьер-министр менен жолугушуу уюштуруу сунушталды

Коом

Бишкек, 15..04.21. /Кабар/. Пригородное айылындагы айыл өкмөтүн басып алып, өзүндөрүн өрттөйбүз деп коркутуп аткан аялдарга премьер-министр менен жолугушуу уюштуруп берүү сунушталды. Бул тууралуу журналисттерге Эркин Тентишев билдирди.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр уланып жатат. Аялдар алардын насыяларын төлөп берүү талап кылышуда, анткени алар пайызын гана төлөй алышат.