Бишкек, 21.09.19. /Кабар/. Президенттин аппаратынын, президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Иш чара Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өткөн. Сейил бактын аймагы тазаланып, таштандылар чыгарылган.