Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президенттин Аппаратынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн жаңы башчысы дайындалды
24/05/17 09:17 Президент