Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү атайын билдирүү таратып, анда ар кандай иш-чараларга өлкө башчысы катышат делип акча талап кылган учурлар көбөйүп жаткандыгын маалымдады.
Билдирүүдө мындай деп айтылат: "Урматтуу кыргызстандыктар, акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, КР президентинин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат.
Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышат.
Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз".