• 87.45
  • 103.23
  • 1.12

Президенттикке эки талапкер арыздарын кайтарып алышты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эки жараны КР Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү тууралуу арыздарын кайтарып алды.

КР БШК билдиргендей, эки жаран - А.Сартаев менен Н.Мамедов КР Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү тууралуу берген арыздарын кайтарып алышты.

2017-жылдын 3-августуна карата 56 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары документтерин тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий