Президентке Балыкчы-Кочкор темир жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди

Президент

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровго Балыкчы-Кочкор темир жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчыга “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун учурдагы курулуш иштери боюнча, атап айтканда, Балыкчы-Кочкор темир жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Курулуш иштери 2022-жылдын 31-мартында башталган.

Бүгүнкү күндө 5,9 чакырым жер асты катмары курулуп, 5 чакырым жолдун үстүнкү курулмасын төшөө иштери аяктады. Ошол эле учурда 5,1ден 5,9 чакырымга чейин жолдун төмөнкү курулмасы жерлештирүү, майдаланган таш менен толтуруу, 7,2ден 8,4 чакырымга чейин жер иштери улантылууда.

2023-жылга 15 жана андан көп чакырым жолду куруу пландалууда.

Мамлекет башчысы курулуш иштеринин темпин басаңдатпоо үчүн бардык чараларды көрүүнү жана ошол эле учурда аларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.