Президент Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу багыттарын, биргелешкен регионалдык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов бири-бирин жана Кыргызстан менен Түркмөнстан элдерин ыйык Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн боордоштук мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, биргелешкен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.