Президент Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Президент

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди, - деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.