Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады – фоторепортаж

Президент

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 1-2-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарындагы 17 жылдан бери токтоп турган «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты.

Ошол эле жерде Садыр Жапаров Ысык-Көл районундагы жалгыз «Билим Ордо» мектеп-комплексинде болуп, окуучуларды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Ошондой эле, ал мамлекеттик мекеменин балансындагы үлгүлүү эс алуу үйү болгон Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин «Дельфин» спорттук-ден соолук чыңдоочу лагеринин иши менен таанышты.

2-июнда мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Маррини кабыл алды.

Андан соң Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, анын курулушун жаңы окуу жылына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.