Президент Садыр Жапаровдун дээрлик 4 саатка созулган ири маалымат жыйыны аяктады

Президент

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атамекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн берген ири маалымат жыйыны аяктады.

Маалымат жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Дээрлик 4 саатка созулган маалымат жыйында президент 56 редакциянын берген суроолоруна жооп берди, айрымдары 2-3төн суроо бергенге жетишти.

Президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, андан тышкары, ЖМКларды кызыктарган суроолорго жооп берди.

Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылып турду.