Садыр Жапаров бүгүн-эртең Баткен облусун кыдырат

Президент

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 11-12-декабрда жумуш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.