Президент министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады

Президент

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана мамлекет башчысынын администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.