Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сом (бир миллион үч жүз жыйырма миң) материалдык жардам берди. Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандардын ар бирине - бардыгы 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президент Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берди

Пикир
Оставить комментарий