Премьер-министр Боронов Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барат

Өкмөт

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.