Премьер-министр башында турган Өкмөт мүчөлөрү элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл чамбар коюшту

Өкмөт


Бишкек, 7-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков башында турган Өкмөт мүчөлөрү, административдик ведомстволордун жетекчилери, жана башка мамлекеттик органдардын башчылары бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясынын баатырларын эскерип, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл чамбар коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.