Покровка айылындагы “Жеңиш” паркы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Аймак

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Манас районуна караштуу Покровка айылындагы “Жеңиш” паркын заманбап талаптарга шайкеш келтирүү иш-аракеттери көрүлүүдө, деп билдирет Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматы.

Агенттиктин маалыматына караганда, паркты реконструкциялоо үчүн Манас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты.