Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьясы Сатыбалдиева Нургүл Айыповнаны өз каалоосу менен кызматынан бошотуу жолу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.