Папан суу сактагычына эркек киши чөгүп кетти

Кырсык

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына алдын ала маалымат боюнча, эркек киши чөгүп кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 15:15те сегиз куткаруучу тартылган.