5% азырынча так эмес сан - Панкратов сатуудан алынган салыкты жогорулатуу демилгеси тууралуу

Экономика

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Сатуудан алынган салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу бүгүнкү күндө жөн гана Экономика министрлигинин сунушу. Бизнес-коомчулук менен сүйлөшүү учурунда сандар өзгөрүшү мумкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

“5% саны азырынча эч нерсе тууралуу айтпайт. Бул сунуш. Мүмкүн дароо оорчулук жаратпашы үчүн сандар азаят. Андыктан так экономикалык эсептер бизнес менен биргеликте чыгарылат, андан соң консенсус табылат”, - деди ал.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунан тарта Экономика министрлигинин сатуудан алынган салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Панкратовдун айтымында, анын негизги максаттуу тобу - ири соода ишканалары. Мыйзам долбоору кичи жана орто бизнес ишкерлерине тиешеси жок.

Министрдин айтымында, аталган демилге ишкерлер менен талкууланат. Атайын бул үчүн министрликтин адистери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт. Эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен мыйзам долбооруна түзөтүүлөр киргизилет. Андан соң ал Жогорку Кеңеште уктурулат. Мындан улам анын кайсы датада күчүнө кириши белгисиз.